Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Айнуру Алтыбаева алтын бар рудаларды ташып чыгууга бажы төлөмдөрүн киргизүүнү тездетүүгө чакырды

Бул тууралуу эл өкүлү Жогорку Кеңештин депутаты конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖК Регламенти боюнча комитеттин 12-июндагы жыйынында айтты. Анда эл өкүлдөрү КР өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абулгазиевдин 2017-жылга карата отчетун угушту.

Жыйындын жүрүшүндө, Айнуру Алтыбаева баалуу металлдарды камтыган концентраттарды сыртка ташып чыгарууга бажы төлөмдөрүн киргизүү боюнча саясий чечим кабыл алуу зарылдыгын билдирди.

«Биз табигый байлыктарды сакташыбыз керек, анткени, алар калыбына келбей турган ресурстар. Же өкмөт курамында алтын бар рудаларды сыртка чыгарууга мораторий киргизиши керек, биздин урпактар кен байлыктардын тагдырларын өздөрү чечип алышат», - деди эл өкүлү.

КР өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абулгазиев айтылган маселе аябай көйгөйлүү экенин белгилеп, Кыргызстанга алтын иштетүүчү ишкана куруу керектигине токтолду.

Мындан сырткары, депутат энелер өлүмүнүн көрсөткүчү начарлап кеткенин айтуу менен үй-бүлөнү, эне жана балдарды коргоо мамлекеттин алдындагы приоритеттүү маселелерден болушу керектигин айтты.

Соңунда Айнуру Алтыбаева коррупцияга бөгөт коюп, экономиканы көмүскөдөн чыгарып, элдин мамлекеттик органдарга болгон ишеним индексин жогорулатуу  зарылдыгын белгиледи.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы