Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Айнуру Алтыбаева Ош базарындагы өрттөн жабыркагандардын насыяларын кечүү зарылдыгын айтты

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин 11-июндагы жыйынында эл өкүлдөрү КР Улуттук Банкынын 2017-жылдагы  ишмердиги боюнча отчетун угушту.

Жыйындын жүрүшүндө, СДПКчы депутат Айнуру Алтыбаева канча финансы-кредиттик ишканалары коммерциялык банк макамын алышканын сурады.

Улуттук Банктын төрагасы Т. Абдыгулов «Бай түшүм», «Финка», Компаньон» кичи кредиттик компаниялары банкка айланышканын, «Мол Булак» микрокредиттик компаниясы азырынча банктык лицензиясы жок иштеп жатканын маалымдады.

Депутат 2017-жылы кичи кредиттик мекемелердин таза кирешеси 2  эсе өсүп, 1,5 млрд. сомду түзсө, банктардын кирешелери 2 млр. сомго жеткенин айтты. Эл өкүлүнүн айтымында, кичи кредиттик компаниялардын кирешелеринин өсүүсү элдин каржылык сабатсыздыгынан улам болуп жатканын билдирди. Анткени, кичи кредиттик компаниялар насыяларды жогорку пайыз менен беришет. Ошондуктан УБ элдин каржылык сабатсыздыгын жоюу багытында иш алып барышы керек.

Мындан сырткары, депутат Бишкектеги Ош базарында жана Жалал-Абад шаарынын базарындагы өрттөрдөн жабыркаган сатуучулардын насыяларын кечүүгө көмөк көрсөтүүгө чакырды.  «Кечээ, 10-июнда июнь  окуясынын кезектеги жылдыгы болду. Ал окуяда көптөгөн жарандар турак-жайларынан ажырады, насыяларын төлөй албай калышты, эки жаран өздөрүнүн жандарын кыйды. Өзүңөр билгендей, Ош базарында жана Жалал-Абад шаарынын базарындагы соодагерлер бизнестерин, товарларын жоготушту. Ошондуктан алардын насыяларын кечүү жана төлөө мөөнөттөрүн узартуу маселесин карасаңыз. Түйшүккө баткан жарандардын жаман кадамдарга барышына жол бербешибиз керек», - деди Айнуру Алтыбаева.

УБ төрагасынын айтымында, өрттөн жалпы 283 адам жабыркаган, Улуттук Банк бул окуяга өз маалында реакция жасаган. «223 адамдын кредиттерин кечүү жана төлөө шарттарын жеңилдетүү багытында иштеп алып барылууда. Бир адамдын кредити кечилди, 21 адамдын насыясы каралууда, 11 адам жардам сурап кайрылган жок», - деди Т. Абдыгулов.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы