Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Асылбек Жээнбеков: Кыргызстанда жер аз деген туура эмес

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин 11-июнда өткөн жыйынында «Кооперативдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору каралды.

Жыйындын жүрүшүндө, КСДП парламенттик фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбеков кооперативдерди түзүүдө уюштуруу формасын издөө керектигин айтты. “Өнүккөн мамлекеттердин жолун мына биз азыр өтүп жатабыз. Бизде жер аз деген таптакыр туура эмес. Ошол эле  Кореяда  99 чарчы  километр жер бар, 50 млн.  элин багып жатат. Япониянын жери биздикинен эки эсе аз. Биздин калкыбыздын саны алардыкынан алда канча аз. Биз уюштуруу формасын издешибиз керек. Кооперативдер айылдагы өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн түзүлөт. Бүгүнкү күндө өндүрүш куруу үчүн насыя алганга жарандардын мүлкү жетишпейт. Министрлик бул багытта конкреттүү багытта иш алып барышы керек”, - деди А. Жээнбеков.

Мындан сырткары А. Жээнбеков кооперативдерде кластердик ыкма  менен уюштуруу иштерин алып баруу зарылдыгы жогору экенин белгиледи. “Кооперативдер арасында ассоциация түзүп иштеш керек. Ошондо өндүрүш алдыга жылат. Бүгүнкү күндө кант кызылчасын иштетүүдө ушул метод колдонулуп келатат. Башка тармактарда да ушул сыяктуу жумуш алып барыш керек. Кыргыз-Орус фонду, Айыл Банк аркылуу ал ассоциацияларга насыяларды жеңилдетилген формада бергенге аракет кылуу зарыл. Биргелешип мүлкүн күрөөгө коюу жолу менен иш алып барышса, оңой болот. Америка Кошмо Штаттары да ушундай жол менен иштешет. Мыйзам долбоору жакшы, мен колдойм”, - деп сөзүн жыйынтыктады А. Жээнбеков.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы