Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Иса Омуркулов: Жоготуулар жок кылынып, тарифтин өлчөмү көбөйтүлбөшү керек

Жогорку Кеңештин 7-июндагы жыйынында  депутаттар “Бишкек шаарында 2017-жылдын 7-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (“Чыгыш электр” ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, “Чыгыш электр” ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюштуруучуларынын атайын фондунун каражаттарынын эсебинен “Чыгыш электр” ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору үчүн берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоорун талкуулашты.

Сөз алган СДПК фракциясынын лидери Иса Омуркулов инвестициялык грант боюнча макулдашууну колдоого ала турганын билдирип, бирок ошол эле кезде энергетика тармагынын ишинде кемчиликтер көп экенин сынга алды.

«Бүгүнкү күндө улуттук энергетика тармагы кризисттик абалга кептелген. Техникалык жоготуу 20 %га чейинкини түзөт, дүйнөдө болсо бул көрсөткүч 7-8 %дан  ашпайт. Бул өндүрүлгөн электр энергиянын төрттөн бири уурдалып атат дегенди билдирет. Макулдашууну колдош керек, убакыт бар, Бишкек ТЭЦи чоң сабак болду деп ойлойм. Ошондуктан жоготууларды жоготуп, ошонун эсебинен тармактагы кирешени көбөйтүү менен инвестициялык грантты алсак болот. Электр энергияга болгон тарифтин өлчөмү көбөйтүлбөшү зарыл. Тендер деген нерселер ачык, таза өтүшү абзел. Болбосо, азыр ар бир тендердин артынан кылмыш иштери козголууда. Ушундай көрүнүштөргө жол бербешиңер керек», - деди И. Омуркулов.

Ошону менен бирге И. Омуркулов Улуттук Энергохолдинг башынан туура эмес түзүлгөнүн, холдингдеги директорлор кеңеши көз карандысыз болуп, тармактын ишин көзөмөлгө алышы керектигин белгиледи.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы