Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Эльвира Сурабалдиева: Сокулуктагы псевдо-окумуштуулар узак жылдардан бери калкка тийиштүү социалдык объектилердин эсебинен пайда көрүп келишет

Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Эл өкүлүнүн айтымында, Сокулук районундагы буга чейин кайсы бир илимий-изилдөө институттун псевдо-окумуштуулар ээлик кылып келген бала бакчанын Комсомольское айылынын тургундарына кайтарылып берилиши керек. Жергиликтүү тургундар он жылдан бери кайрылып жатып, оӊ чечим чыгартууга мүмкүн болгон, бирок ал  аткарылбай келүүдө. Чыныгы коорупция мына ушул жерде жатат. алар узак жылдардан бери жалпы калкка тийиштүү социалдык объектилердин эсебинен пайда көрүүдө. Укук коргоо органдары тезинен чара көрүшү керек.

«Азыр ошол псевдо-окумуштуулар мени «баскынчы» катары жаманатты кылып жатышат. Документтердин баарын көтөрүп көрдүм, алардын мындан башка да бир топ имараттары бар экен. Илимий изилдөө жүргүзүп жатабыз дене шылтоо менен бош турган имараттар аркылуу гранттарды алып келишери белгилүү болду.  Андан тышкары, илимий иштер үчүн 300 гектар жер бөлдүрүп алып, аны жергиликтүү тургундарга кымбат баада ижарага берип, көп жылдан бери пайдасын көрүп келишет», - деди Э. Сурабалдиева. Анын белгилөөсүндө, эгерде псевдо-окумуштуулардын мындай мыйзамсыз иштери ачыкка чыгарылса, алардын артында турган кызмат адамдарынын, коррупционерлердин иштери ашкереленмек.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы