Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Төрөбай Зулпукаров: Өкмөт МЖӨ негизинде логистикалык борборлорду курууга тоскоолдук кылбашы зарыл

Бул туурасында депутат Жогорку Кеңештин 7-июндагы жыйынында айтты. Муну айтуу менен эл өкүлү өлкөнүн агропродукцияларын экспорттоо маселесин көтөрдү.

Депутаттын айтымында, Ош облусунун Ноокат районундагы 10 га жерди логистикалык борбор куруу үчүн трансформациялоо маселеси кыйынчылык менен чечилген. «Бирок өкмөттүн токтомунда логистикалык борборлор МЖӨ негизде каржылоо менен курулбай турганы белгиленген. Мен токтомду өзгөртүүнү сунуштап, үчүнчү ирет кайрылып атам, бирок маселе ордунда турат. Андай  болсо мамлекет республикалык бюджеттен акча бөлүп бериши керек. Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө бул ишке ашуусу кыйын, ошондуктан  МЖӨ (мамлекеттик-жеке өнөктөштүк)  негизде каржылоо менен курууга мүмкүндүк берген өзгөртүүлөрдү киргизүү керекпиз», - деди Т. Зулпукаров.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы