Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Айнуру Алтыбаева Ош облусундагы мугалимдердин квалификациясын жогорулатуучу институт жабылуу алдында турганын айтты

Жогорку Кеңештин 7-июндагы жыйынында ЖК депутаты өкмөттүн өкүлүнө кайрылып, өлкөнүн түштүк аймагындагы мугалимдердин квалификациясын жогорулатуучу жалгыз институт жабылуу коркунучуна кептелгенин айтып, ага жол бербөөгө  чакырды.

«Кыргызстанда мугалимдердин квалификациясын жогорулатуучу 2 институт болсо, анын бири Ош шаарында жайгашкан. Жылына Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан  300-400  мугалим Ош шаарына келип, билимдерин жогорулатып кетишет. 20 жыл мурда институтка имарат бөлүнүп берилген. Окуу мекемесинин жетекчилигинин аракети менен донордук каражат тартылып, ремонт жүргүзүлүп, жарыктандырылган болчу. Бирок учурда жергиликтүү бийлик имаратты бошотуп берүүнү талап кылууда. Ошол эле мезгилде аларга башка имарат берилген жок, жөн гана көчөгө чыгарып койгону жатышат», - деди Айнура Алтыбаева.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы