Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Жылдыз Мусабекова: Аймактарда да коррупцияга каршы аёосуз күрөш жарыялоо керек

Мындай пикирин эл өкүлү Жогорку Кеңештин 7-июндагы жыйынында айтты. Депутат коррупцияга менен күрөшүү жогорку бийлик бутактарында гана жүрбөстөн, бийликтин бардык вертикалында жүрүп, аймактардагы, жер-жерлердеги коррупциялык көрүнүштөр да көз жаздымда калбашы керектигине токтолду.

«Учурда  коррупция менен күрөшүү бийликтин жогорку бутактарында гана жүрүп аткандай таасир калтырууда. Буга ишенген карапайым эл чындыкты издеп, бардык инстанциялардын эшиктерин каккылап жүрүшөт. Мен Тоң районунун акими Таалайбек Ажиев, Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев жана Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Нурдин Тынаевдер жөнүндө маселе көтөргүм келип атат. Мына, жарым жылдан бери бул акимдердин курулуштагы  коррупциялык иштери, негизсиз жумуштан кетирүү, туугандарын жумуштарга алуу сыяктуу иштери боюнча маалыматтар гезит, теледен айтылып, жазылууда. Ош базарында 3 ирет өрт болду, бирок тиешелүү кызмат адамдарына карата эч кандай чаралар көрүлгөн жок», - деди Жылдыз Мусабекова.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы