Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Дастан Бекешев: Июнь окуяларында дайынсыз жоголгондордун ата-энелерине жардам берүү керек

Жогорку Кеңештин 7-июндагы жыйынында депутат Дастан Бекешев июнь окуяларына быйыл 8 жыл боло турганын, бирок ал окуяда дайынсыз кеткен 14 жарандын тагдырлары али күнчө белгисиз экенине токтолду.

«Ата-энелери ушул күнгө чейин балдарынын күйүттөрү менен жүрүшөт. Мамлекет аларды унутпашы керек, алардын ата-энелерин Бишкекке чакыртып, материалдык колдоо көрсөтүү зарыл», - деди Дастан Бекешев.

Мындан сырткары, эл өкүлү ишкана, мекемелердин кышында газ менен жылытууга өтүү маселесин кароого чакырды. Депутат белгилеп өткөндөй, бул көмүр, электр энергиясына караганда бир катар артыкчылыктарга ээ. «Газ менен жылытуу экологиялык жактан таза, жеткиликтүү жана арзан болот. Ошондой эле жылытуунун мындай түрүндө уурдоого да мүмкүн эмес», - деди.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы