Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Сайдолимжон Жураев: Салыктык жыйнамдар көбөйүп жатса, эмнеге курулуштарга каржы бөлүнбөйт?

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин СДПКчы депутаты Сайдолимжон Жураев ЖКнын 7-июндагы жыйынында айтты.

Анын айтымында, өлкөнүн түштүк тарабындагы бир катар социалдык объекттердин курулуштары башталып, бирок каржынын жоктугунан токтоп турганын, каржы убагында бөлүнбөсө, объекттерди куруу келерки жылга калышы мүмкүндүгүн билдирди. «Биздин өкмөт бажы, салык кызматтары тарабынан чогулган салыктардын көлөмү көбөйүп жатканын айтышты. Салыктык жыйнамдар 3,8 млрд. сомго көп болгонун айтып, мактанып жатышат. Андай болсо, эмне үчүн капиталдык курулуштарга каржы бөлүнбөй келатат? Курулуштарды тез арада бүткөрүү зарыл. Үч айдан кийин жан жаап, иш жүрбөй, объекттердин курулуштары келерки жылга калып калуусу мүмкүн. Ошондуктан каржыны бөлүп, курулуштарды аягына чыгаруу керек», - деди эл өкүлү.Ошондой эле Өкмөттүн ЖКдагы өкүлүнө кайрылып, каржынын бөлүнбөй жаткандыгынын себебин тактап, маалымат берүүнү өтүндү.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы