Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Депутаттар кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маалымат угууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров менен Карамат Орозова бүгүн, 6-июндагы жыйында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагында орун алган инцидент боюнча маалымат угууну сунуш кылышты.

Эл өкүлү Карамат Орозова тажик аскер кызматкерлеринин такталбаган чек ара аймагына кирип келүүсү мыйзамсыз болгонун айтты.

«Эмне үчүн бизде качан эл нааразы болгондо гана иштейт башташат? Тиешелүү органдардын коопсуздукту камсыз кылуу жана чек ара линияларын тактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат угушубуз керек», - деди депутат.

Депутат Төрөбай Зулпукаров бул боюнча «Өкмөттүк күн» өткөрүүнү сунуштап, Өкмөттүн чек араларды демаркациялоо жана делимитациялоо, , чек ара аймагындагы айылдарга өзгөчө макам берүү боюнча кылынып жаткан иштер туурасында маалымат угуу зарыл экенин белгиледи.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы