Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Ирина Карамушкина: 112 өзгөчө номерине түшкөн жалган чалууларды катуу көзөмөлгө алышыбыз керек

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 5-июнда өткөн жыйынында депутаттар КСДП парламенттик фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина тарабынан сунушталып жаткан «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ («Жарандык коргонуу жѳнүндѳ», «Коммерциялык сыр жѳнүндѳ») Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун талкуулашты.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун демилгечиси Ирина Карамушкинанын айтымында, мамлекеттик коопсуздукту камсыздоо үчүн 112 кызматына чалынып жаткан жалган чалууларды көзөмөлгө алышыбыз керек. “Көчөдө кетип бара жатсаң,  уюлдук компаниялардын SIM-карта саткан кызматкерлери жаныңды койбой, сатууга аракет кылышат. Сатып алган учурда, эч кандай өздүгүңдү далилдөөчү документтерди сурашпайт. Базарларда, көчөлөрдө сатылып жаткан SIM-карта маселесин көзөмөлгө алышыбыз керек. Себеби,  бул мамлекеттин коопсуздугун камсыздоонун бирден бир маанилүү бөлүгү. SIM-карталардын чаржайыт сатылышы коомдо болуп жаткан ар кандай кылмыштарга жол ачып жатат. Террористтик топтордун мүчөлөрү да бул абалдан  пайдаланып, түрдүү чалууларды жасап жатышат. Кыргызстанда болгон уюлдук компаниялар жана аларды көзөмөлдөгөн мамлекеттик органдар бул көйгөй боюнча катуу иш алып барышы керек”, - деп жыйынтыктады И. Карамушкина.

Аталган мыйзам долбоору көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен парламенттик угууга жөнөтүлдү.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы