Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Айнура Алтыбаева аялдар менен кыздардын укуктарын коргоо боюнча «Өкмөттүк саат» өткөрүүнү сунуштады

Мындай сунушун депутат Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖК Регламенти боюнча комитеттин 5-июндагы жыйынында билдирди.

«Бурулайдын өлүмүн баарыңар билесиңер. Бул үчүн кечээ бир канча кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылышты. Окуя орун алары менен кызмат адамдарынын өз каалоолору менен кызматтан кетүүлөрүн күттүм, бирок президенттин кийлигишүүсү менен гана чара көрүлдү. Адам укуктарын коргоо маселеси биздин комитетке тиешелүү. Ушуга байланыштуу июндун аягына чейин аялдар менен кыздардын укуктарынын мыйзамдуу корголушу боюнча «Өкмөттүк саат»  өткөрүүнү сунуш кылам», - деди эл өкүлү А. Алтыбаева.

Депутат бул маселе боюнча кеңири маалыматты угууну, анын ичинде никеге туруу үчүн кыздарды уурдоо фактылары, мигрант аялдардын укуктарынын корголуусу боюнча маалыматтарды угуу зарылдыгын айтты.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы