Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Альфия Самигуллина: Окуу мөөнөтү узартылса, студенттерге кыйынчылык жаралат

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 4-июнда өткөн жыйынында КСДП парламенттик фракциясынын депутаты Альфия Самигуллина тарабынан сунушталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 798 токтому менен бекитилген ординатура жөнүндө жаңы Жобону тууралоо жөнүндө маалымат талкууланды.

Аталган токтомдун демилгечиси депутат Альфия Самигуллинанын айтымында, Кыргызстан боюнча медицина тармагында билим алып жаткан студенттердин көпчүлүгү  аталган Жобого ылайык,  ординатураны окуу мөөнөтү узарып жатканына тынчсызданышууда. “Аталган Жободо ординатураны студенттер 5 жылдык мөөнөттө окууга тийиш. Азыр медицина тармагында билим алып жаткан студенттер да, алардын ата-энелери да буга абдан тынчсызданып жатышат. Себеби,  окуу мөөнөтү узара турган болсо, контракттык негизде билим алган студенттерге кыйынчылык жаратат. Азыркы учурда, жумушчу топ эки жумадан бери иш алып барып жатат. Бардык маселелер эске алынышы керек”, - деди депутат А. Самигуллина.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы