Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Мурадыл Мадеминов: Саламаттыкты сактоо министри мыкты менеджер болушу керек

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин 4-июндагы жыйынында  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Туркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек Кыргыз-Түрк Достугунун Мамлекеттик ооруканасынын ачылышы, бирдиктүү иштетилиши жана өткөрүлүп берилиши менен кыргызстандын                жарандарынын Түркияда медициналык жана медицина тармагындагы адистиктер боюнча билим алуу тууралуу макулдашуунун долбоору каралды.

Жыйында депутат Мурадыл Мадеминов мамлекеттик ооруканалардын жеке бейтапканалар менен атаандашуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл экенин айтты.

«Саясий кызмат болсо да, бүгүнкү жетекчилер менен министрлер менеджерлер болушу зарыл. Мисалы, экс-президент Алмазбек Атамбаев Талантбек Батыралиевди саламаттыкты сактоо министри кызматына сунуштаганда, биз, депутаттар Кыргызстанга медицинанын түрк моделин киргизсе, анын ишмердиги эң жакшы деп бааланарын айтканбыз. Ал улуттук саламаттыкты сактоо системасы үчүн чоң иштерди аткарды, коррупциялык системага каршы күрөштү. Мен ал начар иштеди дегендер менен макул эмесмин. 20 жылдын ичинде бир да министр мындай иштеген эмес. Батыралиев жана Атамбаев тарабынан курулган заманбап клиникалар мындан 20 жыл мурда эле пайда болмок, бирок ага коррупция жол берген эмес», - деди М. Мадеминов.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы