Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Максатбек Эгембердиев кыргыз – түрк достугунун Мамлекеттик ооруканасынын базасында трансплантология бөлүмүн ачууну сунуштады

Мындай сунушун эл өкүлү ЖКнын бюджет жана финансы  комитетинин 4-июндагы жыйынында билдирди. Анда  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Туркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек Кыргыз-Түрк Достугунун Мамлекеттик ооруканасынын ачылышы, бирдиктүү иштетилиши жана өткөрүлүп берилиши менен кыргызстандын                жарандарынын Туркияда медициналык жана медицина тармагындагы адистиктер боюнча билим алуу тууралуу макулдашуунун долбоору талкууланды

Жыйындын жүрүшүндө СДПКчы депутат Максатбек Эгембердиев КР саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге кайрылып, органдардын трансплатологиясы бөлүмүн ачууну сунуш кылды.

«Бүгүнкү күнү  Кыргызстандын жарандарын   үчүн органдарды транспланталогия кызмат көрсөтүүсүнүн жоктугу кыйнап келет. Материалдык-техникалык базанын, заманбап медициналык жабдыктардын жоктугу өлкөбүздүн ооруканаларында органдарды алмаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. Орган алмаштырууга муктаж болуп жаткан жарандарыбыз аргасыздан чет өлкөлөргө барып, 70 миң долларга чейинки каржыларын жумшап операцияларды жасатып келүүдө. Ошондуктан мындай бөлүм ачылса, бул өлкөнүн жарандарына  көргөн камкорлугу  болор эле», - деди Максатбек Эгембердиев.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы