Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Марат Аманкулов: Кыргызстанда спорт массалык мүнөзгө ээ болушу керек

СДПК фракциясынын депутаттары фракциянын 1-июндагы жыйынында өлкөдөгү спорт  жана дене-тарбия маселесинин абалын карашты.

Жыйында эл өкүлү Марат Аманкулов СДПКнын жаштар спортун өнүктүрүүнү караган «Ынтымактуу көчө» жана  «Street fest» көчө маданияты боюнча долбоорлорду эске алууга чакырды.

Депутат ошондой эле массалык спортту, командалык спортту өнүктүрүүгө көңүл бурууга чакырып өттү. Анын айтымында, массалык спортту өнүктүрүү элдин саламаттыгынын чың болуусун гана шарттабастан, командалык духту өстүрүүгө да арналат.

«Бул багытта СДПКнын спорттук-жаштар программаларын сунуш кылат элем. Мисалы, «Ынтымактуу көчө» акциясы өспүрүмдөр арасында кызыктуу, көңүлдүү спорттук  иш-чараларды өткөрүүнү карайт. «Street fest» салтык фестивалын да өткөрүү керек. Бул иш-чара көчө маданиятынын бардык багыттарын өзүнө камтыйт. Атап айтканда, скейтинг, граффити, брейкс-данк, паркур, фристайл, битбокс ж.б.», - деди эл өкүлү. Анын айтымында, бул иш-чаралар жаштарды өзүнө тартуу менен кызыгууларын арттырат, ишке апшырууга көп каржы талап кылынбайт.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы