Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Төрөбай Зулпукаров: 2020-жылдагы олимпиадага даярдыктарды көрүш керек

Бул тууралуу эл өкүлү КСДП фракциясынын 1-июндагы жыйынында айтты. Анда дене-тарбия жана спорт маселелеси каралды.

«Борбор калаадагы ат майданында курулуш иштерин жүргүзүүгө 380 млн. сом бөлүнгөнү боюнча маалымат айтылган. Бул долбоорду ишке ащыруу кайсыл этапта турат?», - деди Т. Зулпукаров. Анын айтымында, Бишкектеги ипподром коопсуздук талаптарына жооп бербейт.

Өкмөттүн алдындагы жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов аталган долбоор кыйла көп каржыны, 700-800 млн. сомду талап кылгандыктан, иш токтотулганын билдирди. Ал азырынча каржылоо маселеси чечиле электигин кошумчалады.

Мындан сырткары, депутат олимпиада спортунун түрлөрүн өнүктүрүүгө канча каражат бөлүнүп жатканына кызыкты.

Канат Аманкулов агенттиктин жалпы бюджети 790 млн. сом экенин, эгерде жаштар саясатын өнүктүрүүгө кеткен чыгымдарды, улуттук оюндарга сарпталган каражатты эсепке албаганда, спорттун олимпиада түрлөрүн өнүктүрүүгө 85 млн. сом каларын айтты.

Төрөбай Зулпукаров 2020-жылдагы олимпиада оюндарын өткөрүүгө күчөтүлгөн даярдыкты көрүүгө чакырып өттү. Анын белгилөөсүндө, акыркы учурларда кыргыз спортчулары эл аралык мелдештерде жакшы көрсөткүчтөргө жетишип жатышат. 2020-жылдагы Олимпиада оюндарында да Кыргызстандын намысын татыктуу коргошот деген ишеним чоң.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы