Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Альфия Самигуллина: Көпчүлүк спорттук объекттер капиталдык курулушка муктаж

 1-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КСДП парламенттик фракциясынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө депутаттар Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү маселеси боюнча өкмөттүн маалыматын угушту.

Талкунуун жүрүшүндө депутат Альфия Самигуллина Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алып барып жаткан иштеринин алдыга жылып жатканын баса белгиледи. Анын айтымында, бардык жаштагы жарандардын арасында спортко болгон кызыгуу күчөп, жеке менчик футбол талаалары кайсыл гана убакыт болбосун оюнчуларга толуп турат.

“Жыл сайын мамлекеттик спорт агенттикке болгон ишеним көбөйүүдө. Жеңишке жетип медаль алгандардын саны да өсүүдө. Бирок, өкүнүчтүүсү машыктыруучулардын айлык акылары төмөн болуп жатат. Жогорку билимдүү машыктыруучунун айлык маянасы болгону 5600 сомду түзөт. Биздин ийгиликтүү спортчулардын баары чет жака кетип жатышат. Себеби, бул акчага үй-бүлөнү багуу мүмүкүн эмес”, деди А. Самигуллина. Мындан сырткары,  депутат республика боюнча көбүнчө спорттук объекттердин эскилиги жетип, капиталдык ремонтко муктаж экендигин айтты.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы