Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Карамат Орозова Баткендеги спорт комплексинин курулушун бүткөрүүнү тездетүүгө чакырды

Жогорку Кеңештин СДПК фракциясы бүгүнкү, 1-июндагы жыйында дене-тарбия жана спорт маселесин карашты.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Карамат Орозова өлкөнүн айрым райондорунда машыктыруучулар жетишпей турганын айтып, аларды бөлүштүрүү аймактардын калкынын санына жараша жүргүзүлүшү керектигин айтты.

Мындан сырткары, депутат тиешелүү мыйзам долбооруна ылайык, спортчуларды колдоого, аларды эл аралык мелдештерде каржылаган фонд түзүүгө боло турганын билдирди.

«2015-жылы президент Алмазбек Атамбаев Баткен облусуна барып, Кызыл-Кыя жана Баткен шаарларына «Газпромдун» каржылоосу менен эки спорт комплекси курула турганын убадалаган. Кызыл-Кыяда курулду, Баткен шаарында качан курулат?», - деди эл өкүлү.

Жаштар, дене-тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов Баткен шаарында спорт комплекс куруу планы «Газпромдун» быйылкы бюджетине киргизилгенин айтты.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы