Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Эльвира Сурабалдиева: 30 млн. сомдук телефондорду контрабанда жолу менен өткөргөндөр сөгүш алуу менен эле кутулбашы керек

Бул тууралуу КСДП парламенттик фракциясынын депутаты Эльвира Сурабалдиева 15-майда өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитететинин жыйынында Өкмөттүн алдындагы Бажы кызматынын өкүлүнө кайрылып жатып билдирди.

Депутат 27-апрелде УКМК кызматкерлери тарабынан аныкталган Республикалык Түштүк-батыш Бажы кызматы тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча чуулгандуу окуяга көңүл буруп, ошол эле бажы кызматынын кызматкерлери ушул окуя боюнча жеңил жаза алып кутулуп кеткендигине кабатыр экенин билдирди. “Ушундай оор берене  менен үч кызматкер жумушунан алынып, бир кызматкер сөгүш алгандыгы мени таң калтырды. Ошондо, кызматын пайдаланып мамлекеттик казынага чоң суммадагы зыян келтирип, аягында бир гана сөгүш алып кутулуп кетсе болот экен да?”, - деп кызыкты Э. Сурабалдиева.

Мамлекеттик Бажы кызматынын өкүлү бул иш боюнча ички териштирүүнүн жыйынтыгы менен жумуштан алуу жана сөгүш жарыялоо чечими кабыл алынганын, ошондой эле  УКМК тарабынан териштирүү уланып жатканын билдирди.  

“Ушул сыяктуу оор кылмышка баргандар катуу жаза алышы керек. Бир гана сөгүш алып кутулуп кеткендери туура эмес. Бизнес өкүлдөрүнө мындай жеңилдиктер жок. Эгер ишкер тарабынан мыйзам бузуу болсо, ал мыйзамга ылайык катуу жазаланат”, - деди  Э. Сурабалдиева.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы