Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Дастан Бекешев: Балдардын майыптыгы боюнча реестр аларды коргоонун так механизмдерин иштеп чыгууга мүмкүндүк берет

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитеттин 14-майдагы жыйынында эл өкүлү майып балдардын реестрин түзүүнү сунуш кылды. Депутаттын айтымында, бул аларды социалдык жактан коргоого сапаттуу механизмдерди иштеп чыгууга мүмкүндүк бермек.

Жыйындын жүрүшүндө, Жогорку Кеңештин Туруктуу багып –тарбиялоого муктаж ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан адамдардын эмгегине акы төлөө жөнүндө” токтомунун  долбоору каралды. Эл өкүлү Дастан Бекешев документти колдой турганын билдирип, социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакуновадан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын санын сурады.

Т. Исакунованын айтымында, 2017-жылдын декабрына карата өлкөдө 29 200 бала майыптыгы боюнча каттоодо турат.

«Каралып жаткан токтом жалпы майып балдардын 6 миңин гана камтыйт экен, бул бештен бирин гана түзөт. Бул жарандарды нааразылыктарды пайда кылышы мүмкүндүгүн эстен чыгарбасаңар», - деди Д. Бекешев.

Ошону менен бирге буга кетчү каржынын суммасы да ар башкача болуп жүргөнүн билдирди.

«Бул өкмөттүн майып балдар боюнча так реестри жок экенине байланыштуу. Мындай реестр  болсо, финансылык прогноздоо кылып, социалдык коргоо жаатында так механизмдердин иштеп чыгууга мүмкүн болот эле», - деген депутат бул боюнча мыйзам долбоорун сунуштай турганын кошумчалады.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы