Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Сапар Исаков: «Парламенттеги кечээки талкуу – элдин башын айландырып, ЖЭБдеги кыйроонун чыныгы күнөөкөрлөрүн жоопкерчиликтен оолактатып кетүү аракети»

    «Парламенттеги кечээки талкуу – айрым саясатчылардын элдин башын айландырып, ЖЭБдеги кыйроонун чыныгы күнөөкөрлөрүн жоопкерчиликтен оолактатып кетүүгө жасаган аракети», - Кыргыз Республикасынын мурдагы премьер-министри Сапар Исаков ЖЭБдеги кыйроо боюнча парламенттик комиссиянын ишинин жыйынтыгын кароого мына ушундайча түшүндүрмө берди.

    «Депутаттык комиссияны башынан эле адаштырышып, тескери жакка багытташкан. Бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинде тажрийбалуу жана татыктуу адамдар көп. Калыстык жана адилеттүүлүк баары бир жогору тураарына абдан ишенем.

    Мен эч качан жоопкерчиликтен качкан эмесмин жана маселени 2 бөлүп кароону сунуштайм: Биринчи маселе: ЖЭБдеги январь айында болгон кыйроонун себептери жана 2017-2018 – жылдардагы күзгү-кышкы сезонго даярдык көрүү жүргүзүлгөн ЖЭБдин ошол кездеги директорунан тартып, премьер-министрлерге чейинки бардык деңгээлдеги жетекчилердин жоопкерчилиги. Башкача айтканда, бизге катардагы мастерлердин же цехтердин начальниктеринин кереги жок. Нурлан Өмүркул уулунан тартып Сооронбай Жээнбеков менен Сапар Исаковго чейин жооп берүүгө тийиш.

    Мен кыштагы кыйроо учурунда Сооронбай Шариповичти атайын тосуп, жоопкерчиликтен калкаладым. Ошондо көптөр унучуккан эмес. Бишкектиктер суукка тоңуп отурушту, ЖЭБди кышка даярдагандар болсо унчукпай же күнөөнү бири бирине оодарып жатышты. Мен жетектеген өкмөт иш жүзүндө күздө келсе да, бирок мен саясий жоопкерчиликти өзүмө алдым.

    Эми карасам, муну алсыздык катары кабыл алышкан экен. Депутаттар ишке ушунчалык киришкенден кийин эмне үчүн Сооронбай Шариповичтин тушунда ЖЭБдин учурдагы ремонтуна сарпталган жүз миллиондогон сомдорго эмне үчүн акыр аягында жарабай калган эски жабдуулардын оңдолбогонун изилдеп чыгышса болмок, ошого милдеттүү да болушчу. Эмнеге? Бул боюнча кечээ депутаттар элге так маалымат берген жок.  ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүкул уулун Кожобек Рысбаев менен байланыштырышууда. Балким, ушундан улам экс-директорго борбордук трибуна берип, аны жоопкер катары эмес, эксперт катары пайдаланып, ызаттап жатышкандыр? Жоопкерчиликтен качуунун кереги жок!с Жооптуу болгондон кийин жооп бериш керек да!   

    Экинчи маселе: ЖЭБди 386 млн.АКШ долларына реконструкциялоо жөнүндөгү макулдашууну бекитүүнүн себептери жана реализациялоонун жүрүшүндөЖЭБдин ошол кездеги жетекчилеринен, энергохолдингдин жана анын курамдарынын жетекчилеринен тартып, министрлерге, премьер-министрлерге, Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасына жана парламенттик үч комитеттин төрагаларына чейин кошкондо, анын кемчиликтери боюнча. Башкача айтканда, Андрей Воропаевден жана Айбек Калиевден тартып  Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев, Сооронбай Жээнбеков, Сапар Исаков жана экс-спикера Асылбековго чейин.

    Ошондуктан депутаттык комиссия бул тизмени ачык эле толук түзгөн эмес деп эсептейм. Эгерде акыр аягына чейин калыс бололу десек, анда макулдашууга кол койгондордун баарын, анын ичинде адегенде эле үч жолку окуудан соң ратификациялоону жүргүзгөндөрдү да суракка алышсын. Тийиштүү көзөмөл кылбай, тыкыр текшербей туруп пайдаланууга кабыл алууну камсыз кылгандар да суралышы керек.

   Бул жерде кечээкидей ар кимди ылгап тандоонун кереги жок. Президент бир тууганыма да, жакыныма да, досума да карабайм деп таптак айтпадыбы», -деди С.Ж. Исаков.

КСДПнын басма сөз кызматы