Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Төрөбай Зулпукаров: Көзү тирүү кездеринде ата-энелерибизди сыйлап, ыраазычылыгын алалы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КСДП парламенттик фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров 10-майда Бишкек шаарындагы Махмуд Кашгари Барскани атындагы Чыгыш университетинин студенттери менен адатка айланган жолугушуу өткөрдү.

Аталган университеттин студенттери менен жолугушууда  депутат Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары, депутаттардын аткарган иштери тууралуу кенен маалымат берип, андан соң студенттердин берген суроолоруна жооп берди. Студенттер менен болгон бул жолку жолугушууда Төрөбай Зулпукаров көбүнчө бала тарбиялоодогу ата-эненин ролу, илим-билимдин адам  баласынын келечегине  тийгизген таасири туурасында сөз кылды.

“Адам алган билимин туура пайдалануу үчүн  жүрөктө тарбия, ыйман болушу  керек. Ар бир ата-эне баласынын кулк мүнөзүн, ыйманын бекемдеп, ийгиликтүү адам болушуна чоң салым кошот. Бул жашоодо бизди ата-энеден артык жакшы көргөн адам жок. Ошондуктан ата-энебиз тирүү кезде колубуздан келишинче жакшылык кылып, ыраазычылыгын алышыбыз керек. Себеби бул жашоодо өтө кымбат болгон убакыт көп нерсеге жетишпей калышы мүмкүн. Ушуга улай эле ар бир күнгө берилген убакытты туура пайдаланганды да өздөштүрүү зарыл”, -  деди Т. Зулпукаров.

Ошондой эле депутат мамлекеттик деңгээлдеги өзгөчө маанилүү суроолорго токтолуп, студенттерге кенен маек куруп берди. Төрөбай Зулпукаров жолугушууга келген студенттерге ыраазычылык билдирип, окууларына ийгиликтерди каалап, илим билимге болгон изденүүлөрүн күчөтө берүүлөрүнө тилектеш экенин билдирди.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Фотогалерея