Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Аида Касымалиева Өзгөн районунун акиминин жумушун сынга алды

     Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 10-майдагы парламенттик жыйынында КСДП парламенттик фракциясынын депутаты Аида Касымалиева Ош обласынын Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын акими Олжобай Осмоналиевдин аткарып жаткан жумушу  жетишсиз деңгээлде деп атады.

     Депутат Президент тарабынан жарыяланган Аймактарды өнүктүрүү жылынын программасынын аткарылышы көпчүлүк учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары тарабынан аткарылып жаткан жумушунан толук көз каранды экендигин баса белгиледи.

     Бирок аталган район акими өзүнүн колундагы ресурстарды колдонуп Өзгөн элинин социалдык маселелерин чечүүгө күч жумшабай жатат.

      “Өткөн жылы, биз бир нече ирет маселени көтөрүп жатып Жалпак-Таш айылындагы авариялык абалда турган мектептин чатырынын курулушуна 1 млн сом которулушуна жетишкенбиз. Бирок райондун акими бул курулушка бир да жолу басып келип, иштин жүрүшү менен таанышкан эмес. Мындан сырткары Куршабдагы Бектемиров атындагы мектептин капиталдык курулушка киришине да чоң аракет жумшаганбыз. Аким ал мектептин да иши менен барып таанышып койгон эмес. Ал эми өзгөчө кырдаалда турган жерлерге алардын акими да барбай, бир гана премьер-министр барганда кошулуп кыдырып коет. Башка убакта жапа чеккен эл менен жолугуп коюуну туура көрбөйт”, - деди Аида Касымалиева.

      СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы