Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Айнуру Алтыбаева: Өзгөчө кырдаалдар маалында мамлекеттик символдорду сактоо тартибин иштеп чыгуу зарыл

Бул тууралуу эл өкүлү Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 10-майдагы жыйынында айтты. Анда Айнуру Алтыбаева ушул жылдын 25-апрелинде болгон катуу шамалдын кесепетинен  Ала-Тоо аянтындагы башкы туунун түшүп калганына токтолду.

Эл өкүлүнүн айтымында, өзгөчө кырдаалдар учурларында мамлекеттик символдорду сактоонун тартиптерин иштеп чыгуу керек. Депутат Казакстан менен Тажикстандын тажрыйбасын пайдаланууга чакырды, бул өлкөлөрдө катуу  шамал болгон маалда башкы тууну төмөн түшүрүп, брезентке ороп коюшат. «Же аба-ырайынын кескин өзгөрүүсү боюнча маалыматтар алынса, авариялык-куткаруу кызматтары күчөтүлгөн иш режимге өтүшүп, айрылган тууну дароо өзгөрткүдөй болушу  керек», - деди Айнуру Алтыбаева. Эл өкүлүнүн белгилөөсүндө, өлкө башкы туусуз калган учур болбошу зарыл.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы