Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Евгения Строкова: Пенсия курагындагы мугалимдердин социалдык абалын жакшыртууну күчөтүү керек

Жогорку Кеңештин 10-майда өткөн парламенттик жыйынында КСДП парламенттик фракциясынын депутаты Евгения Строкова пенсияга чыгып, бирок иштеп жүргөн мугалимдердин жана медицина кызматкерлердин пенсиясын көбөйтүү үчүн өкмөттү кошумча каражат табууга чакырды. “Өкүнүчтүүсү,  күнүнө менин атыма өзүнүн кызматынан кыскартууга кабылган пенсионер мугалимдердин атынан кат келип түшөт. Албетте, биз жаш кадрларды колдоп, аларды жумуш менен камсыз кылышыбыз керек. Бирок пенсия курагындагы мугалимдер жакшы жашоонун айынан иштөөнү улантып жатышкан жок. Мен бир нече жолу мугалимдердин пенсиясын көбөйтүү боюнча өкмөткө кайрылгам. Мугалимдердин пенсиясы 3- 4 миң сомду гана түзөт. Бул акчага жашоо мүмкүн эмес”, - деди Евгения Строкова.

Мындан сырткары Евгения Строкова депутаттарга экинчи жана үчүнчү окууда мугалимдер менен медицина кызматкерлеринин пенсиясын көбөйтүүгө багытталган  “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"  мыйзамын колдоп берүүгө чакырды.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы