Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

СДПКнын депутаттары Түбөлүк отко гүл коюшту

Жогорку Кеңештин СДПК парламенттик фракциясынын лидери Иса Омуркулов, депутаттар Кожобек Рыспаев, Асель Кодуранова 9-майдагы Улуу Жеүиш Күнүнүн урматына арналган иш-чараларга катышты.

Алгач депутаттар Жеңиш аянтындагы Түбөлүк отко гүл коюшуп, согушта курман болгон чоң аталардын элестерине таазим кылышты. Өз сөзүндө Иса Омуркулов согуш ардагерлеринин саны азайган сайын  майрам жыл сайын алыстап баратканын айтып, бирок бүгүнкү тынчтык жашоо үчүн өз өмүрлөрүн беришкен чоң аталардын эрдиктери эч качан унутулбашы керектигин, аларды эскерип, таазим кылып туруу тирүүлөрдүн милдети экенин белгиледи.

«Согушта курман болгондорго таазим кылып, аларды эскерип туруу – биздин ыйык милдетибиз, биз алардын бул жеңиши менен сыймыктанышыбыз керек», - деди Иса Омуркулов.  

Мындан сырткары, Жеңиш Күнүнүн урматына арналган иш-чарада фронттук ашкана уюштурулуп, анда депутаттар согуш ардагерлери, чоң ата, чоң энелер менен биргеликте согуш учурундагы жоокерлердин тамагы менен тамактанышты.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

Фотогалерея