Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Cоциал-демократтар “Өлбөс полк» жүрүшүнө катышты

Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын депутаттары Марат Аманкулов, Дастан Бекешев, СДПК партиясынын төрага орун басары Сапар Исаков, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев, шаардык кеңештин башка депутаттары 9-майдаУлуу Жеңиш Күнүнүн урматына жылда өткөрүлчү «Өлбөс полк» эскерүү акциясына катышышты. 

Иш-чарага миңдеген кыргызстандыктар катышып, согушка катышкан аталарынын, чоң ата, чоң энелеринин сүрөттөрүн көтөрүшүп, жүрүш жасашты. Жүрүштүн катышуучулары Түштүк магистралдан тартып, Абдрахманов көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин басып келишти. Жүрүш аягына чыкканга чейин жолду бойлой көптөгөн элдер кошулуп жатышты. Акция Түбөлүк отко гүлдөрдү коюу менен жыйынтыкталды.

Депутат Марат Аманкулов  «Өлбөс полк» согуш майданында болгондордун элесин түбөлүккө калтыруу, алардын эрдиктерине таазим кылууга арналганын белгиледи.

Анын айтымында, салтка айланып каллган жөө жүрүш акциясы жарандарда мекенчилдикти күчөтүү менен чоң аталардын эрдиктерин кийинки урпактарга калтырууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле эл өкүлү «Өлбөс полк» - бул биримдиктин символу,  эл эч качан тарыхты унутпай турганына далил экенин айтты.

Белгилей кетсек, Кыргызстан «Өлбөс полкко» 2012-жылы кошулган. Анда Ош шаарынын жашоочулары өздөрүнүн согушка катышкан чоң аталарынын сүрөттөрүн көтөрүшүп, Жеңиш Аянтына чыгышкан. Акцияны Бишкекте өткөрүү демилгесин Марат Аманкулов төрагалык кылган Бишкек шаардык кеңеши колдоого алган. Ошондон бери жөө жүрүш жыл сайын өткөрүлүп, ага катышкандардын саны жылдан жылга көбөйүп баратат.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

 

Фотогалерея