Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

СДПК парламенттик фракциясынын лидери Иса Омуркуловдун Жеңиш Күнү менен куттуктоосу

    Сиздерди Улуу Жеңиштин 73 жылдык мааракелүү күнү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КСДП депутаттык фракциясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!

    Биздин өлкөбүздүн тарыхында унутулбай турган окуя бар. Ал эч качан эстен чыкпай биздин жүрөгүбүздө түбөлүк жашаган Улуу Жеңиш күнү!

    20- кылымдагы ири согуш алааматы катары тарыхта калган кандуу калабада 26 миллиондон ашык советтик жарандар өлсө, алардын 130 миңден 160 миңге чейинкиси кыргызстандыктар болгон.

    Жеңишке кыргызстандыктардын кошкон үлүшү бараандуу. Биздин республика фронтту ок - дарылар, азык-түлүк, керектүү буюмдар менен, ал эми коргоо өнөр жайын - эң зарыл стратегиялык сырье менен камсыздаган.

   9-май Улуу Жеңиш күнү катары 1946-жылдан бери расмий майрамдалганы менен, эс алуу күн катары 1965-жылдан башталган. Ошондон бери бул күн адамзат тарыхындагы совет элинин жеңиши -тарыхтардан тарыхтарга майтарылбас бийик духтун символу болуп кала берет.

    Ардактуу күмүш чачтуу ата-апалар, сиздердин маңдай тер, кан-жаныңар менен келген Улуу Жеңиш күнүн белгилеп жатып, биздин муундун атынан таазим кылабыз.

    Улуу Ата Мекендик согушка катышкан 363 миңден ашуун мекендештерибиздин аттары тарыхта өчпөс тамгалар менен жазылып калат. Анткени аларды эстей турган артында келечек муундары, эгемен мамлекети бар.

    Ылайым элибизде тынчтык болсун, келечек муундар согуш эмне экенин билбесин. Мамлекетибизде токчулук, ынтымак,өнүгүү болсун!

Урматтоо менен,

КСДП парламенттик

фракциясынын лидери                          И. Ш. Омуркулов