Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Cапар Исаков: Биз Улуу Жеңишке жана аны камсыз кылгандарга түбөлүк таазим кылабыз

Бул тууралуу СДПК партиясынын төрага орун басары Сапар Исаков бүгүн, 8-майда  УАМ согуштун ардагери Жумадил Курманов менен болгон жолугушууда айтты. Сапар Исаков менен биргеликте СДПКнын жаш активисттери да болушту. Ардактуу согуштун катышуучусу 92 жашта, учурда Кант шаарында жашайт. Ден-соолугуна байланыштуу өз алдынча кыймылдай албайт.

Сапар Исаков партиянын төрагасы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Улуу Жеңиш Күнү менен куттуктоосун согуш ардагерине жеткирди.

«Биз, жаш кыргызстандыктар Улуу Жеңишке  жана жеңишти алып келгендерге түбөлүккө таазим кылабыз. Биздин чоң ата жана чоң апалардын  адамзат тарыхындагы коркунучтуу алааматта, Улуу Ата Мекендик согушта жеңишке жетишкендери сыймыктандырат».

Көзү өтүп кеткен ардагерлердин жесирлери да көңүл сыртынан калбашы керек. Бүгүн  Сапар Исаков согуштун ардагери  Ювеналия Шибановдун жесири Елена Шибанова менен да жолукту. 89 жаштагы пенсионер жалгыз күн кечирип келет.

СДПК партиясынын жаш активисттери туруктуу негизде Елена Шибановадан кабар алып, чарба боюнча жардам берип турууну демилгелешти. Сапар Исаков мындай демилгени колдой турганын билдирди. СДПК партиясынын төрагасынын орун басарынын айтымында, буга окшогон акциялар бир жолку эле болбошу зарыл, согуш ардагерлерин жана алардын жалгыз жесирлерин колдоого алуу туруктуу мүнөздө болууга тийиш. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча төрт жүздөн ашык УАМ согуш ардагери калды.

СДПК партиясынын маалымат кызматы

 

Фотогалерея