Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Абтандил Кулбараков жумгалдыктар менен жолугуп, өз жардамдарын берди

КР Жогорку Кеңешинин депутаты Абтандил Кулбараков  Жумгал районунун  эли менен жолугушууларды өткөрүп, алардын көйгөйлөрүн угуп, ошону менен катар кээ бир чечилбей келе жаткан маселелерди жеринен чечип кетти.

Айта кетсек, Чоң-Дөбө айылындагы таза суу маселесин чечүүгө 200 000 сом өлчөмүндө жеке каражатынан барип кетти. Бул каражатка кошумча суу түтүктөрү тартылып айылдын таза сууга болгон тартыштыгы чечилет. Кызыл-Туу айылындагы бала-бакчанын короосун тосуп, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 100 000 сомго  тосмо жасатып, орноттуруп берди.

Ошондой эле депутат Жумгал районунун борбору Чаек айылында райондук эл агартуу кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Анда эл өкүлү  Жумгал районундагы баардык тарбиячыларга, мугалимдерге жана мектеп окуучуларына  Советбек Байгазиевдин “Айкөл Манастын адеп-ахлак кодекси” аттуу китебинин 1 000 нускасын бекер таратып берди. Бул китеп жаш өспүрүмдөргө таалим-тарбия берүү, аларды ынтымакка, ыйманга, мекенин сүйүүгө чакыруу максатында жазылган. Чаек айылындагы жайгашкан М. Алыбаев жана Т. Турсунбаева атындагы мектептерге  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосуу менен даярдалган 10 даана компьютердик техниканы  тапшырды.  Жолугушуунун жүрүшүндө шайлоочулардын көптөгөн суроо-талаптары угулуп, аларды ишке ашыруу жолдору талкууланды.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Фотогалерея