Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Асылбек Жээнбеков: Органикалык айыл чарбаны өнүктүрүүдө конкреттүү кадамдарды жасашыбыз керек

Эл өкүлү агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин 7-майдагы жыйынында республика боюнча органикалык айыл чарбаны өнүктүрүүдө Жогорку Кеңеш жана Өкмөт тарабынан конкреттүү кадамдар жасалышы керектигин айтты. Жыйындын жүрүшүндө, СДПКчы депутат Асылбек Жээнбеков Bio-KG органикалык кыймыл федерациясынын жетекчиси Искендербек Айдаралиевден федерацияда органикалык айыл чарбаны өнүктүрүүгө салымын кошууга жана иштешүүгө даяр жеке ишкерлердин бар же жогун сурады. И. Айдаралиев федерацияда иштешүүгө даяр жеке ишкерлер бар экенин жана алар менен кызматташууга кошумча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керектигин айтты. А. Жээнбеков бул тармакты өнүктүрүү үчүн мамлекет жеке ишкерлер менен тыгыз кызматташуу зарылдыгын белгиледи.

“Аталган федерацияда кызматташууга кызыктар жеке ишкерлер болсо биз аларга жардам беришибиз керек. Жогорку Кеңеш же Өкмөт тарабынан Кыргыз-орус фондунан кредиттерди алып берүүгө көмөк көрсөтөлү. 20, 25 жылдан бери эле сөз кылып келе жатабыз. Конкреттүү түрдө маселени чечкенге өтпөсөк көп сөз болуп кетти. Практика жүзүндө кыймыл болушу керек ”, - деди А. Жээнбеков.

Мындан сырткары органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн Жогорку Кеңеш тарабынан керектүү чечим чыгарылып, депутаттар колдоп берүүгө даяр экендигин айтты. “Азыркы учурда Кыргызстанда органикалык чарба өнүккөн эмес. Биз келечекти сүйлөшүп жатабыз. Бирок, биздин мамлекет келечекте органикалык продукцияга өтүшү керек”, - деп сөзүн аяктады Асылбек Жээнбеков.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы