Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Төрөбай Зулпукаров «Ыйман» фондунун өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КСДП парламенттик фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров 7-майда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу “Ыйман” фондунун Ош шаардык өкүлчүлүгүнүн ыктыярчылары менен жолгушуу өткөрдү.

Ыктыярчылар менен жолугушууда  депутат Кыргыз Республикасынын башкаруу системасы, анын ичинде Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары тууралуу кыскача маалымат берип, ыктыярчылар тарабынан берилген суроолорго жооп берди. Мындан сырткары, депутат өсүп келе жаткан муундун руханий деңгээлин көтөрүүгө жана убакытты туура пайдалануунун мааниси тууралуу кенен сөз кылды. “Адамдын жашоосунда эң кымбат – бул убакыт. Берилген убакытты туура пайдалана билсең, ийгиликке жетишесиң. Ар бирибиздин бул жашоодогу максатыбыз - адамдарга жакшылык кылуу. Силер сооп издеген жаштар экенсиңер. Ата-бабалар бизге жеткирген динди кийинки муундарга да жеткирүү бул биздин милдет. Ар бириңер ошол милдетти аткарууга умтулганыңарга мен өтө кубанычтамын”, - деди Төрөбай Зулпукаров.

Ошондой эле депутат  ыктыярчыларга сапаттуу билим алууга, чет тилдерин үйрөнүүгө чакырды. Чет тилдерди билүү менен ар бир адам өзүнүн дүйнө таанымын кеңейтээрин баса белгиледи. Жолугушуунун  аягында Төрөбай Зулпукаров “Ыйман” фондунун Ош шаардык өкүлчүлүгүнүн ыктыярчыларына ийгиликтерди каалап, убакытты туура пайдаланууга, ата-энени сыйлай билүүгө жана руханий деңгээлдерин мындан ары да өрчүтө берүүлөрүнө тилектеш экенин билдирди.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Фотогалерея