Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Төрөбай Зулпукаров мамлекеттик лотереяны ачууну тездетүүгө чакырды

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитеттин 7-майдагы жыйынында депутаттар 2018-жылдын январь-март айларына карата бюджеттин аткарылышын карашты.

Жыйындын жүрүшүндө, депутат Төрөбай Зулпукаров өкмөт бюджетти толтуруу мүмкүнчүлүктөрүн жетиштүү пайдаланбай жатканын, анын ичинде депутаттар тарабынан даярдалган мыйзамдык мүмкүнчүлүктөр да пайдаланбай жатканын билдирди.

Анын айтымында, андай каржылык инструменттердин бири болуп мамлекеттик лотерея эсептелинет, бул үчүн республикалык бюджеттен 10 млн. сом бөлүнүп, анын 6 млн. сому жумшалган.

«Сиздер 2017-жылы бюджетке 300 млн. сом түшөт деп айттыңыздар эле. Бирок мамлекеттик казынага бир сом да түшкөн жок», - деди Т. Зулпукаров.

Депутат ошондой эле жаныбарларды чет элдик туристтердин атуусуна каралган  тарифтерди жөнгө салуу боюнча токтом даярдоого чакырды.

«Мергенчиликтин бул түрүнө тарифтер 5 жыл мурда эле, сомдун курсу долларга карата 45 сомду түзүп турган учурда даярдалган. Тарифтерди жөнгө салуу үчүн болгону токтомдун долбоорун даярдоо жетиштүү, бирок алигече кылына элек», - деди эл өкүлү.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы