Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Төрөбай Зулпукаров «Кыргызстан – Кытай» газ түтүкчөлөрү аркылуу өлкөнүн аймагын газдаштырууну сунуш кылды

Бүгүн, 7-майда Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитеттин жыйынында «2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Элдик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы “Кыргызстан –Кытай” газ өткөргүчүн куруу жана пайдалануу жөнүндө кызматташтык Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоол0орду киргизүү тууралуу Протоколдун долбоору каралды.

Жыйында депутат Төрөбай Зулпукаров өнөр-жай, энергетика жана жер кыртышын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Уланбек Рыскуловго кайрылып, комитеттин кароосуна мыйзам долбоорун киргизүүдө процедуралардын сакталбаганы жөнүндө айтты.

«Бардык документтерди кыргыз тилде киргизип жатасыз, бирок «Нормативдик-укуктук актылар жөнүндө» мыйзамына жана Конституцияга ылайык, мамлеккеттик документтер мамлекеттик тилде даярдалышы  керек. Мыйзам долбоорун киргизерден мурда лингвисттер менен иштешип, сапаттуу которууну камсыз кылуу керек болчу. Мындан сырткары, сиз киргизген документте грамматикалык каталар бар экен, «Кыргызстан» дегендин «з» тамгасы түшүп калып, «Кыргыстан-Кытай» болуп калыптыр. Бул эми уят да», - деди эл өкүлү.

Ошондой эле эл өкүлү 205 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтчү «Кыргызстан – Кытай» газ түтүкчөлөрү аркылуу өлкөнүн  түштүк аймагын газдаштырууну ишке ашырууну сунуш кылды.

Комитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов кол коюлган Макулдашууга ылайык, Кыргызстандын аймагынан транзит  гана болорун,  көрсөтүлгөн кызмат үчүн атайын салык төлөө гана каралганын айтты.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы