Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Максатбек Эгембердиев Көк-Арт дарыясынын абалы менен таанышты

Жогорку Кеңештин депутаты  М. Эгембердиев  Сузак районунун акими Э. Омошов, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Э. Сатаров менен биргеликте Көк-Арт дарыясынын абалы менен таанышып чыкты.

2018-жылдын 29-апрелинде  Көк-Арт дарыясынын нугун Калмак-Кырчын менен Сары-Булак айылдарынын орто ченинен көчкү тосуп калган. Бүгүнкү күндө дарыянын нугу ачылып, болжол менен 600 миң куб суу калган. Сары-Булак айылында 32 түтүн үй бар.  Бүгүнкү күндө 15 түтүн  үйдүн жашоочуларын  ӨКМдин Сузак районундагы  кызматкерлери жана ички иштер бөлүмүнүн башчысы Э. Сатаров өздүк курам менен бирге жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мажбурлоо жолдору менен коопсуз жерлерге убактылуу  көчүрүп жатышат.  

Көк-Арт айыл аймагынын башчысы жана Сары-Булак айылдарынын башчылары ЖК депутаты Максатбек  Эгембердиевден көчүрүлгөн элге жер маселесин тез аранын ичинде трансформациялап берүүгө көмөктөшүүнү суранышты.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

 

Фотогалерея