Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Беш-Күнгөйдө жаңы ФАП ачылды

30-апрелде Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункт ачылды.

Жаңы ФАПтын ачылышына ЖК депутаттары А. Самигуллина менен Д. Бекешев катышып, айыл элин жаңы ФАПтуу болушу менен куттукташты. А. Самигуллина өз сөзүндө фельдшердик-акушердик пункттун ачылуусунун айыл эли үчүн мааниси чоң экенине токтолуп, дарыгерлердин кароосуна муктаж жарандар биринчи кезекте зор окуя болуп жатканын белгилеп өттү. Ошондой эле эл өкүлү ФАПты куруп берген «АССАФА» борборуна ыраазычылык билдирди.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

Фотогалерея