Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Аида Касымалиева Өзбекстандан келген делегаттар менен парламенттик кызматташуунун келечегин талкуулады

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева Өзбекстандан келген жарандык коомдун өкүлдөрү жана мамлекеттик кызматкерлер менен жолугушту. Кошуна өлкөдөн келген делегация Кыргызстанга эки күндүк иш сапары менен келишкен.

Жолушуунун жүрүшүндө тараптар КР Жогорку Кеңешинин Өзбекстандын мамлекеттик кызматкерлери жана жарандык коому менен кызматташуусу тууралуу пикир алышып, бул жатта тажрыйба алмашуу да болду.

Эл өкүлү Аида Касымалиева коррупцияга бөгөт коюп, өлкөнү өнүктүрүүдө мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин ролу чоң экенине токтолду. Ошондой эле өзү демилгелеген коомдук кеңештердин ишмердигин тартипке келтирүүгө багытталган мыйзам долбоору боюнча маалымат берди.

Жолугушуунан соңунда тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүү жөнүндө  макулдашышты.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

Фотогалерея