Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Аида Касымалиева: Каржы министрлиги мектептин ремонтуна бөлүнчү акчаны кечиктирүүдө

Бул жөнүндө депутат Жогорку Кеңештин 26-апрелдеги жыйынында айтты. Анда ал бир катар мектептердин ремонтуна, курулушуна каралган акчаны бөлүп берүүнү тездетүүгө чакырды.

«Биз бир топ кыйынчылык менен бир катар объекттерди капиталдык курулуштар беренесине киргизген элек. Бирок ушул кезге чейин акча бөлүнгөн жок. Азыр тендер өткөрүлүшү керек болчу, ошол себептен жаңы окуу жылына белгиленген ремонт жана курулуш иштери болбой калуу коркунучунда турат.. Көптөгөн мектептер авариялык абалга кептелишип, анда балдар окуй албай калышты», - деди Аида Касымалиева.

Мындан сырткары, депутат Өзгөн районундагы бир катар мектептерде  ремонт жүргүзүү тууралуу да айтты.

«ӨКМдин атайын комиссиясы «Кайнар» башталгыч мектебинде техникалык экспертиза жүргүзүп, авариялык деп тапкан. «Кайнар» мектебине жакын мектеп 5 чакырым аралыкта жайгашкан. Кичинекей балдар кышында карышкырга жем болуу тобокелчилиги менен мектепке барып келип, окууга аргасыз болушууда», - деди эл өкүлү.

Ошондой эле депутат Учкун жана Дарыя-Бою айылдарына мектептерди куруу зарылдыгына токтолду.

«Бул айылдарга эң жакын мектеп 7 чакырым алыстыктагы Беш-Абышка айылында жайгашкан. Жергиликтүү жашоочулардан аталган мектепти жатак мектепке айлантуу боюнча сунуш түшкөн, анткени, балдарга күн сайын  7 чакырым аралыкты басып өтүп, билим алуу өтө оор», - деди эл өкүлү Аида Касымалиева.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы