Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Абдывахап Нурбаев: Ремонт үчүн жабылган жолдор тез арада бүткөрүлсө!

Бул тууралуу эл өкүлү Жогорку Кеңештин 26-апрелдеги жыйынында айтты. Депутат ремонт үчүн жолдор жабылып, бирок эч кандай ремонт иштери жүрбөй, элдерге ыңгайсыздыктар жаралып жатканына токтолду.

«Эгерде Бишкек шаарында мурда эле авто унаа тыгындары болуп келсе, ремонт үчүн жолдордун жабылуусу менен тыгындар андан бетер күч алды. Эмне үчүн жолдорду жаап коюшат да, бирок эч кандай ремонт иштери жүргүзүлбөйт? Кыска эле жолдорду бат эле бүтүп койсо болот го. Бирок жабылган жолдордо иштеген адам көрүнбөйт, эч кандай техникалар жок. Мэрия миңден ашык бак-дарактарды кыйды. Жаңы жолдор салынбаса, анда дарактарды эмнеге кыйышты? Мэрия алы жетчү бирөө барбы? Эмне, мэрия муну атайын элдин нааразычылыгын пайда кылуу үчүн ушинтип жатабы? Ошондуктан ремонтко деп жабылган жолдорду тез арада бүткөрүү  менен авто унаа тыгындарын жок кылуу зарыл. Ушул маселени колго алып, оң жагына чечсеңер», - деди А. Нурбаев.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы