Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Дастан Бекешев: ЖОЖдордун китеп фондуларын байытуу керек

Бул тууралуу эл өкүлү Жогорку Кеңештин 26-апрелдеги жыйынында айтты. Анда эл өкүлү жогорку окуу жайларынын китепканаларында инвентаризация жүргүзүү зарылдыгына токтолду.

«Учурда ЖОЖдордун китепканалары кейиштүү абалда, керектүү адабияттарды табуу кыйын. Окуу жайдын жетекчилиги жакшы абалга келтириши керек, китеп фондуларын байытуу зарыл. Бул максатта студенттерден окуу акылары алынат. Мисалы, өткөн жылы студенттерден 3,4 млрд. сом жыйналган», - деди Дастан Бекешев.

Ошондой эле эл өкүлү мамлекеттик тилди өнүктүрүп, тил саясатын жүргүзүү мамлекеттик программасынын алкагында 500 миң сом бөлдүрүп, кыргыз тилиндеги аудиокитептерди чыгаруу сунушун айтты.

«23 апрелде Эл аралык китеп күнү белгиленди, бирок тилекке каршы, бизде китепке жакшы көңүл бурулбайт. Мисалы, азыр орус, англис  тилиндеги аудиокитептер аябай көп, бирок кыргыз тилиндегилерин табуу кыйын. Менимче, бул мамлекеттик тилди өнүктүрүү мамлекеттик программанын бир бөлүгү болушу керек», - деди депутат.

Мындан сырткары, эл өкүлү «Достук» көзөмөл өткөрмө пунктундагы коррупциялык тоскоолдуктар жөнүндө айтты. Анын айтымында, өткөрмө пунктта кезек күтүүлөр орун алып, ортомчулук үчүн жарандардын акчалар алынууда.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы