Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Дастан Бекешев: Түз жазылган арыздарга Башкы прокуратура өзү гана жооп бериши керек

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициянын 24-апрелдеги кезексиз жыйынында депутаттар КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун КР Башкы прокурорлук кызматына Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин көрсөтүүсү боюнча маселени карашты.

Жыйындын жүрүшүндө КСДП парламенттик фракциясынын эл өкүлү Дастан Бекешев Башкы прокурорлукка көрсөтүлүп жаткан талапкерди колдоп,  Башкы  прокуратурага түз  жазылган арыздарга тек гана генералдык прокуратура тарабынан жооп берилишин көзөмөлгө алууну сунуштады.

“Баарыбызга маалым болгондой, Башкы  прокуратурага кат жазсаң, Башкы  прокуратура ошол эле катты өзүнүн астындагы кызматтарга жиберип коет. Прокуратурадан түз  жооп алуу мүмкүн эмес. Канчалаган карапайым эл туура эмес ачылган кылмыш иштеринин аягына чыга албай жатышат. Эгер Башкы  прокурор кызматына барып калсаңыз,  биринчилерден болуп ушул сыяктуу  көрүнүштөрдү  көзөмөлгө алууңузду сунуштайм”, деди Д. Бекешев. Мындан сырткары эл өкүлү прокуратура кызматкерлеринин алган айлык акысына жана айдап жүргөн авто унаалары боюнча да сөз кылды.

“Урматтуу талапкер,  сиздин  маянаңыз отуз миң сомдун тегереги экен. Башка кызматкерлердин деле айлык акылары ушундай эле сумманы түзөт. Бирок сиз  прокуратуранын алдында токтоп турган унааларды көрдүңүз беле? Ал унаалар бир күндө эле отуз литр май ичип коет. Эгер ошол авто унааларды алып жатышса, демек кошумча каражат дагы таап жатышат. Бул маселени катуу көзөмөлгө алыш керек. Себеби жөнөкөй жарандар баарын көрүп турат”, деп сөзүн аяктады депутат.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы