Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Айнуру Алтыбаева прокуратура системасындагы коррупцияга бөгөт коюуга чакырды

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖК Регламенти боюнча комитеттин 24-апрелдеги жыйынында КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун КР Башкы прокурорлук кызматына Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин көрсөтүүсү  боюнча маселени карашты.

Жыйында эл өкүлү Айнуру Алтыбаева Башкы прокурорлукка сунуш кылынган талапкерди колдоого алып, аны тажрыйбалуу, компетенттүү, өз ишин мыкты билген кесипкөй адам катары билерин кошумчалады.

«Мен сиздин көңүлүңүздү прокуратура органдарындагы коррупция маселесине бургуп келип атат. Аз күн мурда прокуратура кызматкери өтө чоң суммада пара алып жаткан жеринен кармалды. Мен сизди системадагы коррупцияга бөгөт коюуга, тартипке келтирүүгө,  Кыргызстандагы ар бир жарандын укуктары корголуусун камсыз кылууга чакырып кетким келет», - деди Айнуру Алтыбаева.

Жыйындын соңунда комитеттин мүчөлөрү сунуш кылынган талапкерди колдоого алышты.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы