Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Данияр Аттокуров: Транспорт министрлигинде жол мафиясы барбы?

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин 13-февралдагы жыйынында «Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору каралды.

Талкуунун жүрүшүндө, депутат Данияр Аттокуров Транспорт министрлигинде жол мафиясы бар, жоктугуна кызыкты. «Өткөн жумадагы өкмөттүн жыйынында вице-премьер-министр Даир Кенекеев жол мафиясына өзүнүн «саламын» жолдоду. Бизге да кызык, чын эле жол мафиясы барбы?, - деди эл өкүлү.

Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов моралдык жактан вице-премьердин айтканына комментарий берүү туура эмес болорун белгилеп, ошону менен бирге мында маселе бардыгын, долбоорлордун ишке ашырылуусу создуктурулуп, жолдордун бузулуп жатканы боюнча фактылар бар экенин моюндады.

«Мафия – бул уюшкан топ, андай топ Транспорт министрлигинде жок. Айрым учурлар, фактылар бар, бирок алар уюшкан топтор эмес. Ошондуктан министрликте жол мафиясы жок деп айтсам жаңылышпайм», - деди Ж. Калилов.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы