Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Айнуру Алтыбаева: "Кумтөр" жана дары-дармек компанияларына карата бирдей салык саясатынын принциптери сакталбай жатат

Бүгүн 12-февралда Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын 2017-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышынын алгачкы  жыйынтыктары  боюнча  маалыматты угушту.

Талкуунун учурунда КСДП парламенттик фракциясынын депутаты 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин киреше бөлүгү боюнча план аткарылбаганын белгилеп өттү.

“Бажы жана салык төлөмдөрдү төлөөдөн бошотулган “Кумтөр” компаниясы импорттун бардык көлөмү боюнча 30%ды  түзөт. Мисалга алсак, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча компаниянын ташып чыгарганы 11 млрд. сомду түздү,  бюджетке 1 млрд. 900 млн. сом киреше түшпөй калган. Эсиңерде болсо, комитеттин бир жыйынында биз өкмөткө “Кумтөр” компаниясын бажы жана салык төлөмдөрүн төлөөдөн бошотуунун максатын анализдеп, карап чыгуу боюнча тапшырма бердик эле. “Кумтөр” – бул бардык төлөмдөрдү төлөй ала турчу жана төлөөчү компания. “Кумтөр” - бул башка компаниялардай эле компания. Ушуга байланыштуу, “Кумтөр” компаниясын бошотууну карап чыгуубуз керек”, - деди Айнуру Алтыбаева

Депутаттын айтымы боюнча, бажы жана салык төлөмдөрүнөн бошотулган дары дармектерди импорттоонун жалпы көлөмү 22%ды  түзөт жана 1,5 млрд сом киреше бюджетке түшпөйт. Дары дармек компанияларынын саясатын да карап чыгуу керек.

“Бажы жана салык төлөмдөрүнүн системасын жакшыртуу, салыктарды чогултууну жогорулатат жана көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтөт”, - деп жыйынтыктады Айнуру Алтыбаева.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы