Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Асылбек Жээнбеков: Малдын санын так эсептеп, ошого жараша жерлерди пайдалануу зарыл

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин 12-февралдагы жыйынында «Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КРнын мыйзам долбоору каралды.

Жыйындын жүрүшүндө, эл өкүлү Асылбек Жээнбеков Кыргызстандагы малдын санын так эсептеп чыгып, ошого жараша жерлерди пайдалануу зарылдыгын айтты. «Малдын санын чексиз көбөйтө берүүгө болбойт. Чектөө болушу керек, ансыз жерлерди пайдаланууда көйгөйлөр жаралат, жерлер деградацияга туш болот. Ошондуктан малдын саны расмий түрдө так эсептелип чыгуусу кажет, - деди депутат.

Мындан сырткары, Асылбек Жээнбеков Өкмөттүн алдындагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция акыркы жылда бир топ иштерди аткарганын, көптөн бери айтылып келаткан көйгөйлөр чечиле баштаганын, ошол эле кезде кемчиликтер, чечилбей келаткан маселелер көп экенин белгилеп өттү.

Ошондой эле ал Бишкектин четиндеги Ала-Тоо жаңы конушундагы Сибирь жарасы менен ооруган малдар  көмүлгөн жерде жашап жаткандарды башка жакка көчүрүү керектигин белгилеп өттү. «Биз айтып эле кала бербешибиз керек. Эртең ал жерде жарандардын өмүрлөрүнө коркунуч туулса, биз да жоопкерчиликте болобуз. Бул маселени чечүү боюнча Өкмөткө тапшырма беришибиз зарыл», - деди. Депутаттын мындай сунушу комитеттин мүчөлөрү тарабынан колдоого ээ болду.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы