Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Сайдолимжон Жураев мечиттин курулушун баштап берди

Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын депутаты Сайдолимжон Жураев мечиттин пайдубалын түптөөгө катышты.

Эл өкүлү Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен жолугушуу  жумалыгынын алкагында Кадамжай районунун эли менен бир катар жолугушууларды өткөрүүдө.  Анын ичинде  депутат аталган райондун Үч-Коргон айылынын жашоочулары менен да жолугушуп, айылдын мечитин куруу ишинин башталышына катышып, пайдубалга капсула койду.

Өз сөзүндө депутат Өкмөт тарабынан кылынып жаткан иштер, СДПК фрациясы тарабынан демилгеленип жаткан мыйзам долбоорлору тууралуу маалыматтарды берип, быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында райондун аймагында бир катар социалдык көйгөйлөр чечилери жөнүндө да айтты.

Ошондой эле курулушу жаңы башталган мечит келечекте айылдын элин, жаштарын ыйманга адеп-ахлакка чакырсын, айыл элинин биримдигин, ынтымагын камсыз кылууга кызмат кылсын деген тилегин билдирип өттү.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

 

Фотогалерея