Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Иса Өмүркулов өкмөттү өлкөгө кирип жана чыгып жаткан жарандарды эсепке алуучу бирдиктүү системаны иштеп чыгууга чакырды

2-февралда КСДП парламенттик фракциясынын депутаттары фракциянын жыйынында Кыргыз Республикасынын эмгек рыногу жана  калктын иш менен камсыз болуусу, ошондой эле ички жана тышкы эмгек миграциясын көзөмөлгө алуу маселесин карашты. 

Талкуунун жүрүшүндө,  КСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Өмүркулов калкты иш менен камсыз кылуу жана миграция тармагын көзөмөлдөгөн тийиштүү мамлекеттик органдарга сын пикирин айтты.

“Азыркы учурда өлкөдөн сыртка чыгып жана кирип жаткан жарандарды эсепке алуу үчүн бирдиктүү система, ошондой эле ведомство аралык маалымат алмашуу үчүн эч кандай электрондук система жок. Канча киргени  белгилүү, канчасы чыгып кетти белгисиз, ким кааласа кире бергиле деп эшик ачып койгондой. Бир дагы татыктуу жооп берген жоксуңар, силер берген жооптор депутаттарды канааттандырган жок. Тажрыйба алмашуу үчүн болгон командировка  - бул жумуш эмес, сырткы жана ички мигранттарды эсепке алуу боюнча иш алып барып, бирдиктүү система иштеп чыгышыңар керек”, - деди Иса Өмүркулов.

Ошондой эле  Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жүргөн чет элдик жарандардын санынын өсүп жаткандыгына өкмөт өкүлдөрүнүн көңүлүн буруп, чет элдик жумушчу күчтөргө квота берүү маселесин карап чыгуу керектигин айтты. Кыргызстанда иштөөнү каалаган чет элдик жарандарга уруксаат кагазын берүү системасында коррупциялык элементтер бар экенин кошумчалады.

Мындан сырткары,  Иса Өмүркулов тийиштүү мамлекеттик органдарга, эмгек мигранттардын өз укуктарын жана милдеттерин билүү деңгээлин жогорулатуу үчүн маалыматтык камсыздоону күчөтүүнү сунуштады.

“Силер жөн гана сандык маалымат бере турчу статистикалык орган болбошуңар керек. Көпчүлүк учурда биздин мигранттар бара турчу мамлекеттин мыйзамдары менен таанышы жок болуп туруп эле кетип жатышат. Сыртка чыгууну пландап жаткан жарандарга туруктуу негизде юридикалык жардам көрсөтүп, аларга маалымат берүү иштерин улантуу керек”, - деп сөзүн аяктады Иса Өмүркулов.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы