Кыргызстан социал-демократиялык партиясы
ИШЕНИМДҮҮ ТИРЕГИҢ

Осмонбек Артыкбаев өкмөткө адам капиталын башкаруучу программа иштеп чыгууну сунуштады

2-февралда КСДП парламенттик фракциясынын депутаттары фракциянын жыйынында Кыргыз Республикасынын эмгек рыногу жана  калктын  иш менен камсыз болуусу, ошондой эле ички жана тышкы эмгек миграциясын  көзөмөлгө  алуу маселесин карашты. 

Талкуунун жүрүшүндө,  депутат Осмонбек Артыкбаев эл аралык эмгек рыногунда жыл сайын атаандаштык күчөп, тилекке каршы кыргызстандык жарандар жогорку стандарттарга жана талаптарга жооп бербей жаткандыгын айтты.

Ошондуктан  кыргыз өкмөтү натыйжалуу адам ресурстарын башкаруучу система иштеп чыгышы керек.

Ошондой эле  депутаттын айтымында,  азыркы учурда калкты иш менен камсыз кылуу тармагында,  учурдун  талабына ылайык адистерди даярдоо жана ишке орнотуу боюнча  узак мөөнөттүү программаларды иштеп чыгуу эң башкы милдеттердин бири болууда.

Мындан тышкары, глобалдаштыруу шарттарында кыргызстандыктардын тарыхый мекени менен байланышын кармап туруу максатында  кош жарандуулук системасын киргизүүгө өзгөчө маани берүү  керек.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы